Индиянын Гоа шаарында 31-июлга чейин майыптыгы бар адамдар арасында шахмат боюнча дүйнө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 21-июлда башталган. Ага Кыргызстандын парашахмат боюнча курама командасынын мүчөлөрү да катышат.
Команданын курамы:
- Дарика Мамытова – команданын жетекчиси жана котормочу;
- Тилеген Рахатбеков – парашахматчы;
- Кубанычбек Ибраимов – парашахматчы;
- Айнура Алеева – коштоп жүрүүчү.