Бишкек-Ош унаа жолунун Суусамыр тилкесинен Ала-Бел ашуусуна чейинки жол оңдоо иштери кызуу жүрүп, 15 чакырымга эки тараптуу асфальт басылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
"Суусамыр ɵрɵɵнүнɵ суук эрте түшɵɵрүн эске алуу менен жол тилкесинен алыс эмес жерге эки асфальт-бетон заводу орнотулду. Учурда заводдордон саатына 200-300 тонна кɵлɵмүндɵ асфальт чыгарылып жатат. Бишкек-Ош авто жолунун Суусамыр тилкесин капиталдык оңдоо иштерине 104 чакырым каралган. Ал эми ушул жылы 80 чакырым асфальт тɵшɵɵ пландалууда",- деп айтылат маалыматта.