Жасалма интеллект менен бомба жасап, Манхеттенде жардырууну пландаган шектүү кармалды

Нью-Йорктун Лонг-Айленд районунда жашаган 55 жаштагы Майкл Ганн жасалма интеллекттин жардамы менен колго жасалган жети бомба даярдаган деп айыпталууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, сот документтеринде Ганн бомбаларды Лонг-Айлендден Нью-Йорк шаарына ташып келип, алардын бешөөсүн жана төрт даана мылтык огун Манхеттендин SoHo аймагындагы батирдин чатырында жашырганы көрсөтүлгөн. Ал окторду бомбалардын бири менен бириктирүүнү пландаган.

Тергөө маалында Ганн бомбаларды интернеттен сатып алган эки химиялык зат менен даярдаганын жана аларды жасоодо жасалма интеллектти колдонгонун мойнуна алган.

Прокуратура анын бомбаларынын бирин поезд рельстерине ыргытканын, калгандары дарыяга түшүп кеткенин маалымдады.

"Ганн Манхеттенде колдонуу үчүн көп сандагы жарылуучу шаймандарды даярдаган. Коопсуздук кызматтарынын өз убагындагы аракети менен жарандар жабыркаган жок",- деп билдирди АКШнын Федералдык тергөө бюросунун Нью-Йорктогу жетекчиси Кристофер Райя.

Шектүү азырынча сотто коргонуу сөзүн айта элек. Анын адвокаты комментарий берүүдөн баш тартты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан