Адам укуктарын коргоо (Human Rights Watch - HRW) уюму Индия бийлиги соңку апталарда жүздөгөн мусулман жарандарды мыйзамсыз түрдө Бангладешке күч менен чыгарганын билдирди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Уюмдун маалыматына ылайык, май айынан бери негизинен аялдар жана балдар, Бангладешке жакын аймактарда төрөлгөн Бенгал тектүү мусулмандар чек арадан чыгарылган.
Кээ бир адамдардын документтери тартып алынып, кээ бирлери курал менен коркутулуп, Бангладешке мажбурлап киргизилгени айтылды. Бангладеш бийлиги алардын айрымдары Индиянын жарандары экенин ырастаган. Кээ бирлери кайра Индияга кайтып келген.
HRW бул аракеттерди апрелде Кашмирдеги теракттан кийин күчөгөн басым катары баалап, мыйзамсыз деп сыпаттады. Уюм Индияны мыйзамдык жол-жоболорду сактоого, куулган жарандарга адвокат менен коргонуу укугун берүүгө жана күч колдонгон чек арачыларды жоопко тартууга чакырды.