Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттун 40 түрүнөн мелдештер өткөрүлөт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында этно спорттун 40 түрүнөн мелдештер өткөрүлөт. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов бүгүн, 24-июлда маалымат жыйында билдирди.

Мамлекеттик агенттик тарабынан төмөнкүлөр камсыздалат:

Ар бир спорттун түрүнөн Кыргызстандын улуттук курама командасын түзүү;

2025-жылдан баштап, тандоо, окуу, машыгуу жыйындарын өткөрүү;

Бирдиктүү жабдыктар жана керектүү спорттук инвентарлар менен камсыз кылуу;

Туура жана кесипкөй калыстыкты камсыз кылып, жергиликтүү адистерден турган калыстар тобун түзүү;

Оюндарга чейин окуу, машыгууларды өткөрүп калыстарды даярдоо.

"VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттук бөлүк иш-чаранын негизги өзөгүн түзөт жана жогорку деңгээлдеги жоопкерчиликти талап кылат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги оюндардын жогорку сапатта уюшкандыгы менен этно спорт аркылуу дүйнө элин бириктирүү рухунда өтүшү үчүн бардык аракеттерин жумшайт",- деди Абдымомунов.

Көчмөндөр
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан