Бишкекте дагы бир көчөдө асфальт төшөө иштери башталды

Бишкек шаарынын Жумабек көчөсүнө асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Учурда Жумабек көчөсү боюнча Раззаков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин ысык асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери жүрүп жатат.
Буга чейин эски асфальтты сыйруу иштери жүргүзүлүп, тротуар жасалып, ирригациялык систем орнотулган. Ошондой эле айдоочулар үчүн унаа токтотуучу жайлар уюштурулган.
Асфальт төшөлүп бүткөндөн кийин жол чийиндери чийилип, жол белгилери орнотулат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан