"Күнү-түнү иштетесиңер, 20 миң айлык аз..." Токторбаев айдоочулардын маянасына токтолду (видео)

Бүгүн, 24-июлда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев мэриянын Автогараж ишканасына барып, айдоочуларга бир нече тапшырмаларды берди.
Ага улай айдоочулардын айлык маянасына кызыгып, аз айлыкка көп жумуш берилип жаткандыгын белгиледи.
"20 миң сом айлык — бул өтө аз. Иштебейт да аз айлыкка. Жок дегенде 30-35-40 миңге жеткириш керек. Бергениңер 20 миң сом, анан күнү-түнү иштетесиңер", - деди Токторбаев.
Мындан тышкары айдоочуларга мамлекеттин мүлкүнө аяр мамиле жасоо керектигин билдирип, "Тазалык" ишканасына жакында алынган техника жол кырсыкка кабылып калгандыгын айтып, кейиди.
24.07.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан