Газадагы журналисттер үчүн Израилге чакырык: Эл аралык медиа мекемелер кайрылуу жасашты

Улуу Британиянын Reuters, Франциянын AFP, Американын AP жана Англиянын BBC News маалымат агенттиктери биргелешкен билдирүү жасап, Газадагы журналисттер ачарчылык коркунучуна туш болуп жатканын айтып, Израилди бул аймакка жардам жеткирип, журналисттердин кирип-чыгышына шарт түзүүгө чакырышты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

"Газадагы кабарчыларыбыз өздөрүн жана үй-бүлөлөрүн бага албай калган абалга жетти. Бул көз карандысыз журналисттер айлар бою дүйнө үчүн Газанын көзү жана кулагы болуп келишкен. Эми алар өздөрү баяндап келген оор шарттарда жашап жатышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Медиа өкүлдөрү согуш жүрүп жаткан аймактарда журналисттер көп кыйынчылыктарга туш болорун белгилеп, ачарчылык да алар үчүн кооптуу экенин кошумчалашты.

"Израил бийлигин дагы бир жолу журналисттерге Газага эркин кирип-чыгууга уруксат берүүгө жана бул аймактагы адамдарга жетиштүү гуманитардык жардам жеткирүүнү камсыздоого чакырабыз", - деп жыйынтыкташты билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан