Бангкок Пномпень баштаган агрессияны токтоткон учурда гана Камбоджа менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу Таиланддын убактылуу премьер-министри Пхумтам Вечаячай билдирди.
"Камбоджа менен кагылуушулар токтогонго чейин эч кандай сүйлөшүүлөр болбойт", - деп келтиришти анын сөздөрүн чет элдик басылмалар.
Вечаячай Таиланд коңшусуна согуш жарыялабаганын белгилеп, Камбоджаны Таиландга каршы согуштук аракеттерге провокация жасады деп айыптады.
Ал чек арага жакын төрт облуста кагылышуу болуп жатканын, жергиликтүү тургундар эң кооптуу аймактардан эвакуацияланганын белгиледи.
Буга чейин бейшембиге караган түнү Таиланд менен Камбоджанын чек арасында кагылышуу болгону кабарланган. Эки өлкө тең кырдаалдын курчушуна бири-бирин айыптоодо.
Таиланддын Саламаттыкты сактоо министрлиги кагылышууда 11 карапайым тургун жана бир аскер каза болгонун билдирди. Учурда Камбоджада каза болгондор катталган жок.