Рамзан Кадыров Бодрумда эс алып жатып чөгүп кете жаздады

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Түркиянын Мугла провинциясындагы Бодрум курортунда эс алып жүрүп, чөгүп кете жаздады. Бул тууралуу түрк басылмасы Haberler жазды.

Маалыматка караганда, окуя Бодрумда жайгашкан беш жылдыздуу мейманканада болгон. Кадыров түштөн кийин деңизге түшүп, күтүлбөгөн жерден кыйынчылыктарга кабылып, чөгүп кете жаздаган.

Жакын жерде жүргөн мейманкананын кызматкерлери дароо "Тез жардам" чакырып, дарыгерлер келгенге чейин алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Андан кийин Кадыров жеке ооруканага жеткирилген.

Рамзан Кадыровдун абалы учурда жакшы, өмүрүнө коркунуч жок. Дарыгерлер анын ден соолугу калыбына келип жатканын билдиришкен.

Эске салсак, май айында Кадыров Орусия президенти Владимир Путинден Чеченстандын башчылык кызматынан бошотууну суранган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан