Кыргызстанда 28-июлдан 31-июлга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.