Ондогон орусиялык аялдар көздүн астындагы шишиктерди алып салуучу дарынын курмандыгы болушту. Кыздар пайда болгон шишиктерден бир нече айдан бери арыла албай жатышат. Бул тууралуу SHOT басылмасы жазып чыкты.
Баарынын окуясы бирдей. Алар көзүнүн астындагы шишиктен арылууну кыялданып, косметологго кайрылып, "Сферогель" препаратын колдонушкан. Бирок шишик өөрчүп кеткен. Пензалык 28 жаштагы Катя экинчи айдан бери чоң шишиктерден арылууга жана кадимки жашоого кайтууга аракет кылып жатат. Косметолог бул коркунучтуу таасирди организмдин жеке реакциясы деп түшүндүрдү. Антибиотиктер жана антигистаминдер натыйжа бербейт, алар шишигени убактылуу гана басат. Дагы бир жабырлануучу, Брянск шаарынан келген 40 жаштагы Кристина былтыр процедурадан өткөн. Ал дагы деле жүзүн иретке келтире албай убара.
Мындай курмандыктар буга чейин да болгон. Алар дары-дармектерге жүз миңдеген рубль коротууга аргасыз болушат, бирок эч кандай майнап жок.
Пластикалык хирург Владимир Плахотин SHOT'ка айткандай, тери менен веналардын ортосуна сайылган дары көздүн астындагы көгөргөн тактардын жана шишикти аз убакытка эле жок кыла алат. Бирок андан кийин курчап турган ткандардан нымдуулукту ала баштайт, натыйжада шишик пайда болот.
Анын айтымында, мындай саймалар ар дайым коркунучтарга алып келет.