УКМК кызматкерлери чек ара кызматы менен биргеликте 2006-жылы 8-түзөтүү мекемесинен качып, эл аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаранды кармады.
Кармоо Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн учурда жүргүзүлүп, шектүү адам жашынууга аракет кылган.
Кармалган К.М. аттуу жаран Талас шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.