Бүгүн сиздерге Италияга болгон сапарымдын өзгөчө жүрөгүмө жаккан шаарын баяндап бергим келип турат. Эмесе сиздер менен чогуу порталыбыздын "Sayakattime" рубрикасында түстүү үйлөрү менен суктандырган Генуя шаарына саякаттайбыз.
Римдеги урандыларды көрүп суктансам, Генуя менин жан дүйнөмө сырдуу жомоктогудай таасир калтырды. Ошол таасирди сиздер менен бөлүшкүм келди.
Туристтик картада Венеция, Флоренция же Рим сыяктуу кеңири жарнамаланбаганы менен, Генуя – тарых, маданият жана сырдуу көчөлөргө бай, өзгөчө шаар. Италиянын түндүк-батышында жайгашкан бул порт шаары мага таң калычтуу архитектурасы, укмуштуу тарыхы жана адамды бат өзүнө тартып алган мүнөзү менен өзгөчө таасир калтырды.
Бул жердеги үйлөрдүн түсү – кызыл, сары, жашыл, кочкул боз — сүрөтчү тартып койгондой кооз. Алардын дубалдарындагы жасалгалар, капталдагы орнаменттер архитектуранын майда-чүйдөсүнө чейин берилген эстетикасын көрсөтөт.
Американы ачкан Христофор Колумб дал ушул шаарда төрөлгөн. Бул факт – калаага келүүгө тарыхты сүйгөн жандар үчүн жетиштүү себеп! Колумбдун балалыгы өткөн үйүнүн ичине кирип көрдүм. Ичинде байыркы буюмдар, сүрөттөр, деңиз экспедицияларына байланыштуу экспонаттар коюлган. Ал үйдүн тардыгы, жөнөкөйлүгү ошол кездеги жашоо кандай болгонун элестетүүгө мүмкүндүк берет.
Колумбдун үйү эки кабаттан турган, 2-3 гана бөлмөлүү жөнөкөй үй. Учурда музей катары колдонулат. Кассадан кирүү үчүн билет сатып аларда сөзсүз түрдө аудио-гид сатып алууну сунуштайм. Анткени анда Колумдун сүрөтүн жасалма интеллект менен жандандырып, үндөштүрүп, өзү баяндап берип жаткандай таасир калтыруучу эффект менен көп маалымат алууга болот. Кулакчынды тагып алып, Колумбдун үнү менен ар бир бөлмөсүнө киргенде ал жанымда жүргөндөй же балалыгына күбө болуп жатканымдай сезим болду.
Шаарда туристтик автобустары өтө ыңгайлуу экен. Ичине кирерим менен автобус кызматкери колума кулакчын карматты. Отургучтун бет маңдайында кулакчынды туташтыруучу атайын система орношуп турганын көрдүм. Жанында таблица бар экен: 1 – англис тили, 2 – немис тили, 3 – француз тили сыяктуу жазууларды байкадым. Өзүмө ыңгайлуу тилди тандап алып, автобустун экинчи этажында шаарга суктанып, ошол эле учурда калаа жөнүндө кызыктуу маалыматтарды угуп кыдырдым. Мен үчүн бул системасы аябай кызыктуу жана пайдалуу болду.
Генуя — жинсы шымдар жаралган шаар экенин билчү белеңиз?
Мени таң калтырган дагы бир факт – биз кийип жүргөн жинсылар эң алгач дал ушул шаарда өндүрүлүптүр.
Бул кездемелер бекем, ыңгайлуу жана узакка чыдамдуу болгондуктан жумушчулар үчүн атайын шымдар тигилген. Француздар бул кездемени "Gênes" (Генуя) деп атап, кийинчерээк англисче "jeans" деп айтылып кеткен экен.
Ал эми 19-кылымда Леви Страусс аттуу киши АКШда ошол кездемени колдонуп, заманбап жинсыларды жаратып, дүйнөгө жайылткан. Ошентип бүгүн дүйнө жүзү кийген жинсынын түп башаты ушул тар көчөлөрдө башталганын туристтик автобуста бара жатып уктум.
Бир кездерде өзүнчө мамлекет статусуна ээ, кубаттуу республика болгон
"Генуя убагында өтө күчтүү, өзүнчө көз карандысыз деңиз республикасы болгон. Ал Венеция менен таймашкан күчтүү порт шаары катары белгилүү эле. Порт шаар болгондуктан товарлар, ошол эле жинсылар экспорттолуп, экономикасы да жакшы болгон. Шаардын байлыгы жана бедели ушунчалык жогору болгондуктан, башка өлкөлөрдүн кемелери (мисалы, Англия, Дания, Швеция) товар ташып жүрүп, каракчылар кол салбоосу үчүн Генуянын желегин өздөрүнүн кемелерине илип алууга уруксат сурашчу. Анткени ошол желекти көргөн каракчылар же душмандар "Генуяныкы экен" деп тийүүгө батына албай калышчу. Бул факт азыркы күнгө чейин айрым өлкөлөрдүн желектерине да таасирин калтырган", - деп айтып берди шаардын туристтик автобусундагы маалымат берүүчү система.
Мындай системасы бар автобустан сыртка чыккың да келбейт экен. Бирок мени алдыда кооз жерлер күтүп турду.
Борбордук аянт (Piazza de Ferrari)
Бул жер — кооз фонтан, театр жана тарыхый имараттар чогулган архитектуралык ансамбль. Борбордук аянтта эки сааттай болдум. Анткени тегерек четинде дагы башка кооз жерлер жакын жайгашыптыр. Феррари аянтында жүргөнүмдө 4-5 түрдүү музыкалык топторду көрдүм. Бири барабан, башкасы үйлөөчү аспаптарын көтөрүп алышып, ар бир топ өзүнчө окшош кийинип алышып жагымдуу музыкалык чыгармалары менен сонун атмосфера түзүп жатышты.
Андан кийин жөө басып, падышалардын көчөсүндө сейилдедим. Ал көчө Via Garibaldi деп аталат экен. Бул жердеги сарайлар ЮНЕСКО тарабынан корголот жана алардын кооздугу сөз менен түшүндүрүп бере алгыс.
Кайрадан туристик автобуска отуруп, кулакчынды тагып, шаар жөнүндө кызыктуу маалымат укканча деңиз жээгинде жайгашкан Боккадассе аталышындагы кыштагына бардым. Бул жолу кулакчындагы "досум" мага Генуянын даамдуу тамактары тууралуу айтып берди. Песто соусу менен паста жемейинче шаардан кетпе деди. Мен анын айтканын жасадым. Песто соусу дал ушул шаарда эң алгач жасалыптыр. Даамын түшүндүрүп берүү үчүн "укмуш, даамдуу, керемет" деген сөздөрдүн өзү жетишсиз. Ошол жакка барып даамдап көргөнүңүз эң туура чечим.
Боккадассе — кооз балыкчы кыштагы экен. Автобустан түшөрүм менен аба балык жыттанып турду. Деңизди көздөй бет алдым. Баратканымда көзүмдү жумуп турсам, бир саамга Стамбулда жүргөндөй сезим болуп жатты. Анткени ал шаардын да жыты ушундай.
Бул кыштакка келип сууга түшпөй кетүү - кечирилгис күнөөдөй сезилди. Анткени суусу - муздак да эмес, ысык да эмес, жагымдуу экен.
Менин кеңештерим жана байкоолорум:
Көрүүгө арзый турган жайлар:
Генуя — бул жөн эле тарыхый шаар эмес. Ал сизди кабыл алып, өзүнүн жашырылган сырларын акырындан ачып берет. Архитектурасы, көз жоосун алган түсү, деңиз жыты, көчөлөрүнүн үнү, көчө музыканттарынын күүсү – баары бирге жуурулушуп, өзүнө арбап алат.
Мен бул сапарымда тарыхты жандуу көрдүм. Колумб жүргөн көчөлөрдөн өттүм. Жинсынын жаралышына себеп болгон жерди карап суктандым. Генуя мага тынчтык, эстетика жана жаңы ачылыштарды тартуулады.
Эгер сиз да Италияга жол тартсаңыз, Генуяны көз жаздымда калтырбаңыз. Бул шаар сизге өзүнүн сырын ачып берет — эгер тыңшап көрсөңүз…