Орусияда кыздарга болушкан жигит бычакталды

Омскиде чет элдик жаран кыздарга болушкан 26 жаштагы жергиликтүү тургунду бычактап салган. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин облустук башкармалыгы билдирди.

Окуя кечээ, 24-июлга караган түнү болгон. Күбөлөрдүн айтымында, 22 жаштагы чет элдик жаран Омск шаарынын тургунун бычактап салган. Жабырлануучу ооруканага жаткырылып, кылмышка шектүү кармалган.

Чет өлкөлүк жаран кыздар менен таанышууга аракет кылган. Бул учурда жолдон өтүп бара жаткан жигит кыздарга болушуп, алардын таанышкылары келбей турганын айткан. Мындан улам шектүү ага кол салган.

Тергөөчүлөр ден соолукка атайылап оор залал келтирүү беренеси боюнча кылмыш ишин козгошту. Кол салган адам 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан