Тажикстандан келген журналисттер Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, алар "Ала-Тоо 24" телеканалына, "Кабар" маалымат агенттигине барышты.
Делегация өкүлдөрү эки өлкөнүн ЖМКларынын ортосундагы мындан аркы өз ара аракеттенүү келечегин талкуулашты. Алдыда алар үчүн Ысык-Көлдө маданий иш-чаралар уюштурулат.
Айта кетсек, бул демилге президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча, мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тарабынан маалыматтык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында уюштурулууда.