Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын башчысы болуп Мирлан Таалайбеков дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар башчысы Айбек Жунушалиев кол койгонун калаа башкармалыгынан билдирди.
Талайбеков буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Патрулдук кызмат башкармалыгында иштеп келген. Ал коомчулукта ишине так жол тескөөчү караты белгилүү.
Эми Таалайбеков шаардагы жашылдандыруу, санитардык жана экологиялык нормалардын сакталышын көзөмөлдөйт.
Айта кетсек, аталган кызматты буга чейин Медер Амангелдиев аркалап келген. Ал кечээ, 24-июлда Бишкек шаарынын Свердлов административдик районунун башчысы болуп бекиди.