Бишкектин Свердлов райондук администрациясынын аппаратына жаңы жетекчи дайындалды

Бишкектин Свердлов райондук администрациясынын аппаратынын жаңы жетекчиси болуп Назгүл Жамгырчиева дайындалды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал аталган кызматка Улукбек Асанов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу келген.

Жамгырчиева буга чейин Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген. Ал эми анын бош калган кызмат ордуна Айсулуу Касмалиева бекиди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан