Биз социалдык тармакта

Бишкекте "Мыкты шырдакчы" сынагы өтүп жатат (фото)

Бүгүн, 26-июлда Бишкекте “Мыкты шырдакчы-2025” улуттук сынагы өтүп жатат. Ага өлкө аймактарынан келген кол өнөрчүлөр катышууда.

Уюштуруучулардын бири Дилдекан Иманкулованын айтымында, иш-чара 4 жылдан бери өтүп келет. Жеңүүчүлөр үч номинацияда "Мыкты оймочу", "Мыкты шырыкчы", "Мыкты жөрмөкчү" аныкталып, диплом, күмүш жана коло ийиктер менен сыйланмакчы.

Иш-чаранын максаты – кыргыз элинин салттуу шырдак жасоо өнөрүн сактап калуу, кол өнөрчүлүккө болгон кызыгууну артыруу жана бул өнөрдү келечек муунга мурас катары өткөрүп берүү болуп саналат.

Саамалыкка кол өнөрчүлөр, туристтер жана коомчулук өкүлдөрү көз салууда.

Белгилей кетсек, сынак Kyrgyz Hadmade Yurt тарабынан уюштурулду.

26.07.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан