Биз социалдык тармакта

Трамп ХАМАС кыймылы келишим түзүүнү каалабай турганын айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп палестиналык ХАМАС кыймылынын ок атышпоо келишимин түзүүнү каалабай турганын айтты.

"ХАМАС чындап эле келишим түзгүсү келген жок. Менимче, алар өлгүсү келет", - деген ал Ак үй имаратынын тышында журналисттер менен сүйлөшүп жатып.

"Унутпагыла, биз көптөгөн барымтадагыларды бошоттук, эми бизде акыркы барымтачылар калды. Алар акыркы барымтадагыларды бошоткондон кийин эмне болорун билишет. Ошондуктан алар келишим түзүүнү каалашкан жок", - деп белгиледи америкалык лидер.

Айта кетсек, 24-июлда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан Катардын баш калаасынан делегацияны чакыртып алууну буйруду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан