Биз социалдык тармакта

"Мыкты шырдакчы" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 26-июлда Бишкекте "Байбол" ордосунда "Мыкты шырдакчы-2025" улуттук сынагы болуп өттү. Сынакта өлкөнүн 7 облусунан жана Казакстандын Тараз жана Кордай шаарынан келген кол өнөрчүлөрү ат салышты.

Мындан сырткары чет өлкөлүк туристтер жана шырдакка кызыккан коомчулук өкүлдөрү көрүүчү катары катышты. Иш-чара кыргыз улуттук даамдарынан, суусундуктарынан турган фуршет жана концерттик программа менен коштолду.

Сынактын жыйынтыгын калыстар тобу үч: мыкты оймочу, жөрмөкчү, шырыкчы номинациясында сыйлыктарды тапшырды. Ошентип "Мыкты шырдакчы-2025" сынагынын негизги жеңүүчүсү, алтын ийиктин ээси Токтогул районунун тургуну Гүлнара Жакыпова аталды.

Мыкты шырдакчы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан