Аламүдүн районунда 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Маалыматты Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан тастыктады.
Облустук милиция окуя кечээ, 26-июлда саат 11:40 чамасында Кайырма айылында болгонун белгиледи. Айдаралиев көчөсүндө бара жаткан Mitsubishi Lancer үлгүсүндөгү унаа каршы тилкедеги Mercedes-Benz S-500 үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Натыйжада Mitsubishi Lancer унаасынын 45 жаштагы айдоочусу жана 48 жаштагы 2 жүргүнчүсү каза болгон.
Ал эми Mercedes-Benz унаасынын 29 жаштагы айдоочусу "Тез жардам" кызматы тарабынан ооруканага жеткирилген. Бул факт боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.