Түркиянын Бурса провинциясында чыккан токой өртүнөн улам 2000ден ашуун адам эвакуацияланганын түрк маалымат каражаттары жазышты.
Кечээ, 26-июль күнү кечинде Гүрсу жана Кестел райондорундагы тоолордо башталган өрт катуу шамалдан улам тездик менен жайылып кеткен. Мындан улам бийлик Карахидир аймагындагы тургундарды эвакуациялоо чечимин кабыл алган. Эвакуациялангандар үчүн тамак-аш жана бардык керектүү нерселер даярдалган.
Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу өрттү өчүрүү үчүн учактар колдонулганын билдирди. Өрт 110 гектарга жакын аянтты каптаган.