Ош шаарынын мэриясы "Бексултан" жана "Шоколад" базарлары жаңы борбордук муниципалдык базарга көчүрүлүп жатканын билдирди. Учурда сатуучулар товарларын жыйнаштырууда.
Буга чейин Оштун борбордук базары да жаңы муниципалдык базарга жылдырылган. Бийлик жаңы базарды былтыр июль айындагы сел борбордук базарды да каптагандан кийин кура баштаган.
Маалымат үчүн: Базар 2500 орунга ылайыкташып, 25 катардан турат. Соода орундуктарынын аянты 6-7 чарчы метрди түзөт. Базарга кирүүчү туурасы 7,5 метрди түзгөн 2 негизги жол бар. Өрт коопсуздугун сактоо максатында ар бир 5-катарда гидрант орнотулуп, базар электр энергиясына, коммуналдык тармактарга туташкан.