Биз социалдык тармакта

Англиянын кыздар курама командасы Европа чемпиондугунда жеңишке жетти

Кечээ, 27-июлда Англиянын кыздар курамасы Испания курамасын жеңип, Европа чемпиондугунда жеңишке жетти. Оюн Швейцариянын Базел шаарындагы "Санкт-Якоб Парк" стадионунда өттү.

Финалдын негизги убактысы 1:1 эсебинде аяктады.

Биринчи голду 25-мүнөттө испаниялык чабуулчу Мариона Кальдентей киргизсе, 57-мүнөттө англиялык Алессия Руссо эсеп санын теңеди. Эки футболчу тең Британиядагы "Арсенал" клубунун оюнчулары.

Кошумча убакытта эсеп өзгөргөн жок. Пенальти сериясында англиялыктар ийгиликке жетишти. Жеңишти аныктаган голду Клои Келли киргизип, 3:1 эсебинде Англия Европа чемпиону болду.

Бул командалар 2023-жылы дүйнө чемпиондугунун финалында да оюн талаасына чыгышкан, анда Испания 1:0 эсебинде уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан