Санкт-Петербургдагы батирден жубайлардын жана алардын досунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Орусиянын Санкт-Петербург боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын денесинен зордук-зомбулуктун изи табылган эмес.
Аталган башкармалыктан билдиришкендей, аял менен эки эркектин өлүмү боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 109-беренесинин 3-бөлүгү (Байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө комитетинин кызматкерлери маркумдун жансыз денелери табылган Штурманская көчөсүндөгү батирди текшерүүгө алышканы айтылат. Өлүмдүн себеби соттук-медициналык экспертизанын жүрүшүндө аныкталат.