Биз социалдык тармакта

Транспорт министри Төө-Ашууга барып текшерди 

Кечээ, 27-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Төө-Ашууда жайгашкан Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин айланасын иретке келтирүү иштеринен кабар алды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Учурда аталган тилкеде подрядчы компания тарабынан атайын техникалар тартылып, жер негизин даярдоо иштери активдүү жүрүүдө. Министрлик жетекчиси Абсаттар Сыргабаев иш ыргагын ыкчамдатуу тапшырмасын койду.
Бишкек - Ош жолундагы тоннелдин кире беришине автоунаалар үчүн токтоочу жайлар, эс алуу аймактары жана сүрөткɵ түшүү зоналары, ыңгайлуу шарттар менен даараткана куруу пландалууда.
Жол кыймылына ыңгайлуу шарт түзүү максатында күзгө чейин тоннелдин эки тарабы тең иретке келтирилип, асфальт төшөө иштери толук бүткөрүлмɵкчү.
28.07
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан