Ысык-Көлдүн үстүнө мыйзамсыз салынган эски балык торлорун аныктоо жана тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Балыкчы шаары, Ысык-Көл жана Тоң райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш жүргүзүүдө.
Бул иш-чара экологиялык коопсуздукту камсыздоо, көлдөгү жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга бөгөт коюу жана балык чарбасын тартипке келтирүү максатын көздөйт. Тазалоо учурунда эски абалдагы торлор табылып, жок кылынды.
Милиция кызматкерлери мындай мыйзам бузууларга каршы күрөшүү мындан ары да күчөтүлөрүн жана жарандарды жаратылыш байлыктарын сактоого чакырарын белгилешти.