Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактар алынды 

Жалал-Абадда мамлекеттик тилдин эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактар алынууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн мамлекеттик тил комиссиясы менен биргеликте борбордук көчөлөрдө мамлекеттик тил эрежелерин сактабаган, аталышы чет тилинде жазылган соода жайларына рейд уюштуруп, баннерлер, жазуулар жеринде алынып, ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эске салсак, Кыргызстандын мамлекеттик тили жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын 11-26-беренелерине ылайык, жарнамалар, кулактандыруулар, прейкурсанттар жана башка маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл учурларда башка тилдерде жол-жоболоштурулат. Мындан сырткары, 107-беренеге ылайык, адабий тилдин ченемдерине ылайык келбеген уят сөздөрдү камтыган тексттерди пайдалануу, маалыматтык билдирүүлөрдү жайгаштыруу, илүүгө тыюу салынат.
Конституциялык мыйзамды жана мамлекеттик тил чөйрөсүн жөнгө салуучу башка мыйзам актыларын бузгандар жана сактабагандар жоопкерчиликке тартылышат. Тагыраагы, жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактарга 17000 сом өлчөмүндө айып пул салынат.
Алдыда мындай текшерүүлөр улантылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан