Биз социалдык тармакта

Иордания менен Бириккен Араб Эмираттары Газага 25 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Иордания жана Бириккен Араб Эмираттары Газа тилкесине жалпы салмагы 25 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Гуманитардык жардамдын ичинде ун, кант жана консервалар бар.

Израилдин Коргоо күчтөрү Газанын тургундарына абадан гуманитардык жардам жеткирүүнү кайра жандантканын билдирген. Мындан мурун Иорданиянын куралдуу күчтөрү Газага абадан үч ирет гуманитардык жардам таштап, анын бири БАЭ менен биргеликте аткарылган.

Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус Газада 2025-жылы аз тамактануунун кесепетинен өлүм саны көбөйгөнүн, 5 жашка чейинки балдардын арасында өлүм учурлары катталганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан