Япониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралынын чыгыш жээгинде күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө болгонун өлкөнүн метеорологиялык башкармалыгы бүгүн, 28-июлда билдирди.
Чет элдик ЖМКлардын маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогң 50 метр тереңдикте болгон.
Цунами коркунучу жок жана жапа чеккендер жана кыйроолор катталбаганы маалыматта кошумчаланды.