Биз социалдык тармакта

Бангладеш АКШнын бажы тарифтерин төмөндөтүү үчүн 25 учак сатып алууну көздөөдө

Бангладеш АКШнын президенти Дональд Трампты өлкөгө бажы төлөмдөрүн төмөндөтүүгө көндүрүү үмүтү менен Boeing компаниясынан 25 учак сатып алууну сунуш кылганын соода министри Махбубур Рахман билдирди.

Чет элдик ЖМКлар кошумчалагандай, Бангладештин соода министри 29-31-июлда АКШнын Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен боло турган жолугушууга барат. Сүйлөшүүлөр 1-августтан тарта жаңы тариф түзүмү күчүнө киргенге бир нече күн калганда болот.

Буга чейин Трамп 1-августтан тарта Америка рыногун кийим-кече менен камсыздоочу Бангладештен келген товарларга 35 пайыз бажы салыгын киргизе турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан