Биз социалдык тармакта

Оштун мэри курулуш компаниясына нааразы болгон тургундар менен жолукту (видео)

Бүгүн, 28-июлда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Осмонов жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ихлас” компаниясына таандык делген көп кабаттуу турак-жайдын курулушуна барып, нааразычылык билдирип жаткан тургундар менен жолукту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Анда үй алган жарандардын сунуш, пикирлери угулду. Ага ылайык, шаар мэри үйдүн айланасын иретке келтирип, 20-августка чейин бүтүрүүнү тапшырды. Ал эми курулуштун башчысы ага чейин керектүү жумуштар аткарыла тургандыгын убадалап, толук кандуу иштер жыл аягына чейин бүтөрүн билдирди.
28.07.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан