Порталыбыздын #Sayakattime рубрикасындагы бул жолку багытыбыз сүйүү шарына болмокчу. Париж – көптөр үчүн кыялдар шаары, мен үчүн болсо - чынында эле эстен кеткис сезимдердин мекени болуп калды. Франциянын борборуна кадам таштаганда эле классикалык музыка жаңырып, тарых жыттанган көчөлөр мени тосуп алгандай болду.
Парижге таң эрте жетип келдим. Темир жол бекетине жакын жердеги кафеден эртең мененки тамактанууну круассан жана кофе менен баштап, Париждин "вайбын" дароо сездим.
Албетте, Парижге келип туруп Лувр музейине барбай кетүү мүмкүн эмес. Ар дайым элдин сүрөттөрүнөн гана көрүп жүргөн атактуу Мона Лизанын оригиналын көзүм менен көрөм деп, музейдин ичине кирүүгө бет алдым. Бирок бул кыялды орундатуу оңойго турган жок. Чоң залдар, сансыз сүрөттөр, улам бир бурулуштан кийин дагы бир экспозиция… Мона Лизаны табам деп музейдин ичинде бүтүндөй 2 саатча убакыт коротуптурмун. Акыры, ал сырдуу жылмаюусу бар сүрөттү алыстан байкадым. Жанына басып бардым, киши көп. Сүрөткө тартууга аракет кылгандар толтура, бирок мен андан көзүмдү албай көпкө карап турдум. Сүрөттөгү өзгөчө жылмаюу – чын эле сырдуу экен.

Сапарымдын уландысы Париждин символу - Эйфель мунарасына болду. Мектепте окуп жүргөн кезде көп барактуу дептерлеримде, күндөлүгүмдө сүрөтү болчу. Андан сырткары китеп, фильм, картинкалар аркылуу көрүп жүргөн мунара алдымда турганда, жүрөгүм дуулдап кетти. Күндүз күндүн нурунда да кооз көрүнөт, бирок кечинде жарыктандырылганда да чыныгы кереметке айланат экен. Мунараны карап, суктанып, канча адам бул жерге келип сүйүүсүн айтып, тилек кылды экен деп ойлоп кеттим. Мен да өз кыялымда жашыруун тилек айтып койгом.

Эйфельден кийин жолумду Париждин дагы бир белгилүү символу - Жеңиш Аркасына (Arc de Triomphe) багыт алдым. Арканын алдына келгенде тарыхты, улуу жүрүштөрдү, эстен кеткис окуяларды элестеттим. Бийиктиги менен да, мааниси менен да арка шаардын падышачылык жана революциялык тарыхын ичине камтып турат. Анын үстүнө чыгып, шаарды тегерете караганда, Париж бүт дүйнөнүн борбору сымал көрүнөт экен.

Парижде жүргөнүмдө мени бир нерсе абдан таң калтырды - африкалык адамдар (качкындар) бул жерде абдан көп экен. Алар метро бекеттеринде, көчө четинде, туристтик жайларда магнит, брелок сыяктуу ар кандай майда товарларды сатып иштеп жүрүшөт. Шаардын тарыхый, романтикалык образынан тышкары, бул да реалдуу Париждин бир өңү экенин көрдүм.
Ал эми француздардын атагы чыккан багети тууралуу айтпай кетсем болбойт. Ал сыртынан катуу, ичинен жумшак, жаңы бышкан багеттин жыты көчө бойлоп тараган сайын, анын даамын сөзсүз даамдап көргүм келди. Дүкөндөн жаңы багет алып, Сена дарыясынын боюнда отуруп жеп жатканда, өзүмдү фильмдин бир каарманы катары сездим.

Сапарымдын өзгөчө бир учуру күтүүсүздөн жааган жамгыр болду. Ансыз да кооз Париж, жамгыр алдында дагы бир сырдуу өң алып, асфальт үстүндө ойноо салган тамчылар жүрөктөгү ар бир эмоцияны түртүп өттү. Жамгыр Парижди дагы да көрктөндүрдү, дагы да романтикалуу атмосфера берди.

Парижде көрө турган башкы жерлер:
Менин сунуштарым жана байкоолорум:
Париж - сезим, сыр, тарых, романтика, контраст жана даам. Калаа мени таң калтырды, ойлонтту, кыялдандырды. Бул шаар ар бир келген адамга өзүнүн уникалдуу окуясын тартуулайт. Менин көргөн Париж - Мона Лиза, Эйфель мунарасы, багет, круассан, Жеңиш аркасы, жамгыр, Сена дарыясынын жээгиндеги сейилдөө, таң калуу, ичимден жашыруун тилектерим жана түбөлүк эстеликке айланган сүрөттөр.