Биз социалдык тармакта

Көңүл буруңуздар! Эртең айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Эртең, 29-июлда саат 10:00дөн 20:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ичүүчү суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:
• 10-кичи район;
• Масалиев - Чыңгыз Айтматов проспекти - Ыбырайым Абдрахманов - Садырбаев көчөсү;
• Масалиев - Чыңгыз Айтматов проспекти - Токтоналиев - Гшлиессер көчөлөрү менен чектешет.

Маалым болгондой, суу диаметри 500 миллиметр болгон ЭЧЖК резервуарларын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан