Ошто 13 миң 295 студент жогорку окуу жайларынан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
2024-жылдын аягында жана 2025-жылдын башында жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин катышуусу менен жалпы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлгөн. Жыйынтыгы боюнча сабакка катышпаган же академиялык карыздары бар 13 295 студент окуудан чыгарылган.
Атайын кызматы учурда аталган ЖОЖдордун кызмат адамдарынын студенттерди мыйзамсыз окутууга алгандардын иши каралып жаткандыгын белгиледи.