Дүйнөдө ашыкча салмактан жабыр тарткандардын саны 1 миллиарддан ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Изилдөөчүлөр акыркы 30 жыл ичиндеги 190 өлкөнүн жарандарынын маалыматтарын талдашты. Алар беш жаштан жогорку курактагы 220 миллион адамдын бою менен салмагына баа беришкен.
1990-жылдан бери ашыкча салмак менен жабыркагандар төрт эсе көбөйгөн. Кыздар арасында бул көрсөткүч 1,7 пайыздан 6,9 пайызга, балдар арасында болсо 2,1 пайыздан 9,3 пайызга жеткен.
2022-жылы дүйнө жүзү боюнча 160 миллионго жакын жаш өспүрүм ашыкча салмактан жабыркаган. Алардын ичинен болжол менен 65 миллион кыз жана 94 миллион бала экени аныкталган. Салыштыруу үчүн айтсак, 1990-жылы бул көрсөткүч 31 миллион гана болчу.
Ошондой эле чоң кишилер арасында да бул көрсөткүч жогорулаган. Ашыкча салмак эң көп тараган өлкөлөрдүн катарына Океания, Кариб бассейни, Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка аймактары кирген.
«Ашыкча салмак көбүнчө кирешеси төмөн же орто болгон өлкөлөрдө күчөп жаткандыгы аныкталды. Азыркы учурда бул мамлекеттердеги семиздик көрсөткүчтөр көптөгөн өнөр жайы өнүккөн, кирешеси жогору Европа өлкөлөрүнө караганда жогору», — деп айтылат маалыматта.