30-июлдан 6-августка чейин Бишкектеги Фрунзе көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилиши убактылуу жабылат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жерде жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.
Жумуштар Фрунзе көчөсүнүн Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Касым Тыныстанов көчөсүнө чейинки аралыгында (узундугу 1600 метр) аткарылат.