Биз социалдык тармакта

Кара-Балтадагы колледждин имараты мамлекетке кайтарылды

УКМК Кара-Балта шаарында Абай атындагы гуманитардык-экономикалык колледжинин имараты мамлекетке кайтарылганын билдирди.

Маалыматка таянсак, анын жалпы аянты 837,6 чарчы метр, жанаша аймагы 0,45 гектарды түзөт.

Текшерүүдө №10 Макаренко атындагы мектеп-лицейинин жатаканасынын имараты жана ага жакын жер тилкеси Жайыл районунун башчысынын токтомунун негизинде С.Мамбеткалиев атындагы Чүй университетинин менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилгени аныкталган.

2018-жылы жогоруда аталган токтомдун негизинде аталган жер тилкесине мамлекеттик жеке менчик актысы берилген.

2021-жылы бул участок кыймылсыз мүлктү коммерциялык эмес уюмга акысыз өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин негизинде Абай атындагы гуманитардык-экономикалык колледждин менчигине мыйзамсыз берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан