Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 28-июлда ИИМдин Атайын багыттагы полкуна кызматтык унаа тапшырды.
Калаа мэриясы белгилегендей, буга чейин полктун №3 батальонунун командири калаа башчысына полктун имаратынын айланасына асфальт төшөп, иретке келтирүү жана материалдык абалын жакшыртып берүү суранычы менен кайрылган.
Ал эми бүгүн болсо батальон айланасына асфальт төшөлүп, өздүк курамга кызматтык унаа тапшырды.
Маалымат катары айтсак, Оштогу Атайын багыттагы полкунун №3 батальону шаардагы коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматын аткарышат. Батальон 2014-жылы түзүлгөн.