Бишкек мэриясы маалымдагандай, эртең, 29-июлдан тарта Чыңгыз Айтматов проспектисинин бир бөлүгү эки айга жабылат.
Ага ылайык, Ч. Айтматов проспектисинин А.Масалиев проспектисинен И.Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлөт.
"Биринчиден, бордюрларды жана арыкты демонтаждоо иштери аткарылат. Бул мезгилде жол кыймылы үчүн ачык болот. Бирок асфальт алынып, жаңы катмар төшөлөрдө унаа кыймылы үчүн толук жабылат", - дешти мэриядан.
Буга байланыштуу №8 жана №55 автобустук каттамдардын кыймыл схемасы убактылуу өзгөрөт.
Кошумчалай кетсек, Ч. Айтматов проспектисинде каттам саат 22:00дөн 05:00гө чейин тыюу салынган. Бул учурда унаалар Масалиев проспектиси менен Садырбаев көчөсүнө багытталган.