Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев А.Навои эс алуу багында 20 жылга жакын убакыт жашаган Гүлбара Абдраевага батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда муниципалитеттен кабарлашты.
Анда айтылгандай, 67 жаштагы Ош шаарынын тургуну Абдраева дээрлик жыйырма жылдан бери шаардагы А.Навои эс алуу багында тазалыгын карап, даараткана иштетип, майда барат нерселерди алып, сатып жашап келген.
Ал үйү жок болгондуктан сейил бактагы убактылуу баш калкалоочу жайда күн кечирүүгө мажбур эле. Бүгүн калаа башчысы ага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.