Биз социалдык тармакта

Союзбек Надырбеков Нарындагы маданият мекемелерин кыдырды

Маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Нарын облусундагы маданият мекемелеринин абалы менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Анда Надырбеков “Инновациялык креативдүү демилгелер борборунун” курулушу менен таанышып, аймактагы китепканалар, Маданият үйлөрү, музейлер, театр жана искусство мектептеринин абалын көрүп чыкты.
Министрдин орун басары Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, Ат-Башы районунун акими Эмилбек Абдыкадыров менен жолугуп, көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун талкуулады.
Мындан тышкары ал Кочкор жана Жумгал райондорундагы маданият мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышып, жетекчилер менен жыйын өткөрдү.
Надырбеков белгилегендей, аймактардагы маданий мурастарды сактоо, мекемелерди өнүктүрүү жана чыгармачыл кадрларды колдоо — мамлекеттик маданий саясатынын негизги багыттары.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан