2025-жылдын алгачкы жарым жылдыгында прокуратура органдары тарабынан ата-эненин камкордугусуз калган 43 балага турак-жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилди. Бул тууралуу кечээ, 28-июлда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Ош облусунун Араван районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 16 жаштагы эки өспүрүмдүн жашоо үчүн турак-жайы жок экендиги жана мыйзамда белгиленген тартипте турак-жай менен камсыздалбагандыгы аныкталган. Натыйжада эки балага турак-жай куруу үчүн жер тилкелери берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды.
Прокуратура органдары балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча көзөмөл иштерин мындан ары да улантат.