Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык Марат Ниязмат уулу Килиманжаро чокусуна чыгып, өлкө желегин желбиретти (видео)

Кыргызстандык саякатчы Марат Ниязмат уулу Африканын эң бийик жери Килиманжаро чокусун багындырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасында жарыялады.

Видеодо ал көзүнө жаш алып, Кыргызстандын желегин көтөрүп жатканын көрүүгө болот. Ошол эле учурда ал бул ийгилигин жакында көз жумган атасына арнады.

"Атам ушул жетишкендикти көрүшүн каалайт элем. Атам мага жазылган бардык комментарийлерди окуйт эле. Бул көз ирмемди көрө албай калды, бирок мен муну экөөбүз үчүн жасап жатам",- деди Ниязмат уулу деңиз деңгээлинен 5895 метр бийиктикте туруп.

Килиманжарону багынтуу үчүн Марат Ниязмат уулу миңдеген чакырымдарды велосипед менен басып өтүп, Танзания, Кения, Уганда, Сенегал жана башка мамлекеттердин аймагын артка калтырды.

Бул саякатты кыргызстандык саякатчы толугу менен социалдык тармактагы баракчасында чагылдырып турган. Анын айтымында, Килиманжарого чыгуу жөн гана спорттук максат эмес, жеке турмушундагы чоң сыноо болгон.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан