Социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн Бостери айылында 3 адам айланма дөңгөлөктөн кулап кете жаздаганы айтылган видео тароодо.
Күбөлөрдүн айтымында, окуя 27-июль күнү болгон. Кабинкалардын бири дээрлик жогору көтөрүлүп калганда кыйшыйган абалга келген. Муну көргөн милиция кызматкерлери аттракционду токтотууну талап кылышкан. Айланма дөңгөлөк токтогондо кабина кайра түздөлүп калган.
Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес.