Кыргыздын Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулу болуп Эрнист Жаманкулов дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын администрациясы кабарлады.
Ошондой эле өлкө башчынын жарылыгы менен Хомени Эргешов Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулу кызматынан бошотулду.