Орусиянын Тверь облусунун тергөө бөлүмү Любицы айылында баланын өлүмүнүн жагдайын иликтөөнү баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кечээ, 28-июлда жашы жете элек эки кыз чоңдордун уруксатысыз квадроциклди колдонушуп, топурак жолдо баратышкан, бирок рулду башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен унааны башкарып бара жаткан 12 жаштагы кыз окуя болгон жерде каза болуп, анын 13 жаштагы шериги оор абалда ооруканага түшкөн.