Ысык-Көлдө мыйзамсыз менчиктештирилген 55 миллион 361 миң сомго бааланган жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жалпы аянты 497 чарчы метр коммерциялык максатта пайдаланылган жер тилкеси жана Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында жайгашкан 6 гектар жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткендиги аныкталган.