Биз социалдык тармакта

Кызыл-Кыяда көп балалуу энелер сыйланышты

Бүгүн, 29-июлда Кызыл-Кыя шаарында көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов катышты.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жети энеге “Баатыр эне” ордени, он үч энеге “Эне даңкы” медалы ыйгарылды.
Облус башчысы иш-чарада энелердин коомдогу жана үй-бүлөдөгү ордун баса белгилеп, балдарды татыктуу тарбиялоодогу жана улуттук баалуулуктарды сактоодогу эмгектерин жогору баалады.
Маалымат үчүн: Быйыл Баткен облусунда жалпы 342 эне мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Алардын 163ү “Баатыр эне” ордени, ал эми 179у “Эне даңкы” медалына ээ болушту.
Эскерте кетсек, жети жана андан көп балалуу энелер “Баатыр эне” ордени, ал эми алты балалуу энелер “Эне даңкы” медалы менен сыйланышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан